Абдан калың, өтө жыш, чытырман. Бир туруп ал чычкан мурду жоргологус бадал этегин көбөөлөгөн токойго барат (Медетов).
Абдан калың, өтө жыш, чытырман. Бир туруп ал чычкан мурду жоргологус бадал этегин көбөөлөгөн токойго барат (Медетов). Майда бүчүрлөр бири-бирине чырмалышып, чычкан мурду жоргологус болуп бүтөлүп калган («Ала-Тоо»). В.: Чычкан мурду жөргөлөгүс. Ал беш квадрат километр жердеги чычкан мурду жөргөлөгүс чытырман токой, таш жана кумдуу жээкте турат («Кыргызстан маданияты»). Чычкан мурду өткүс. Көк жашыл, чычкан мурду өткүс жыш бадал (Касымбеков).